БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ооганстан боюнча 21-июнда жыйын өттү. Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Ооганстандын тынч жана стабилдүү болушуна кызыкдар экенин, коңшулук жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө жана ооган элине жардам колун сунууга даяр экенин белгиледи. Мындан тышкары, Ооганстандын экономикасын аймактык процесстерге интеграциялоонун, анын ичинде Ооганстан аркылуу Түштүк Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоо боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйынга ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева катышып, Кеңештин мүчөлөрүнө ал өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....
Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул аракеттер президенттин «Балдардын...
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...