Казакстандын Алматы шаарында казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнаты өттү.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы, тактап айтканда, президенттин кеңешчиси ЧолпонбекАбыкеев, Жогорку Кеңештин депутаты СалтанатАманова, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары МаратТагаев, Жазуучулар союзунун төрагасы КаныбекИманалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер КемелАшыралиев, Кыргыз эл жазуучусу АсанЖакшылыков, Кыргыз эл акыны КожогелдиКултегин, «Кыргыз тили» коомунун президенти РайымжанКурбанов ж.б. катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЧолпонбекАбыкеев президенттин атынан көңүл айтуу катын окуп берип, маркумдун жакындарына жана жалпы казак элине терең кайгыруу менен көңүл айтты. Анда МухтарШахановдун чыгармачылык мурасы, анын адамдык бийик сапаттары жана кыргыз-казак элдин достугун чыңдоого кошкон салымы өзгөчө белгиленди. Анын терең философияга сугарылган чыгармалары, адамзаттык баалуулуктарды даңазалаган поэзиясы жана жарандык позициясы кийинки муундар үчүн руханий багыт, түгөнгүс казына бойдон кала берет. Акындын калеминен жаралган ар бир сапта улут тагдыры, адамдык нарк-насил, адилеттик жана чындыкка болгон умтулуу даңазаланат. Ошондуктан анын чыгармачылыгы убакыт өткөн сайын маанисин жоготпостон, тескерисинче, жаңы доорлордо кайрадан ачылып, окурмандардын аң-сезимине терең таасир этүүнү улантат.
Мухтар Шахановдун ысымы жана мурасы түрк дүйнөсүнүн руханий биримдигин чыңдоого кызмат кылып, элдер ортосундагы достуктун, маданий жакындык менен өз ара түшүнүшүүнүн символу катары да түбөлүк жашай берет.
Маалымат катары: Мухтар Шаханов — советтик жана казакстандык адабияттын ири өкүлдөрүнүн бири, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мурдагы депутаты, коомдук-саясий ишмер. Казакстандын Эмгек Баатыры. Казакстандын Эл жазуучусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамдарынын ээси болгон.