Саламаттыкты сактоо министрлиги саат 16:30га карата тараткан маалыматта кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардын саны 11 адамга жеткени айтылды. Министрликтин маалыматы боюнча, алардын ичинен бирөө үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү, калгандары ар кандай жаракаттар менен Баткен облусунун ооруканаларына жаткырылды.
Самаркандектеги жалпы дарыгерлик практика борборунда 2 жабырлануучу бар, алардын абалы канааттандырарлык. Лейлектеги ооруканага абалы орточо оордуктагы 1 жаран жаткырылды. Баткен облустук бириккен ооруканасына октон жаракат алган 7 киши түштү, алардын үчөөсүнүн абалы орточо оордукта деп бааланууда, төрт кишиники туруктуу оор. Учурда эки кишиге операция жасалып жатат.
«Учурда кыргыз-тажик чек арасына Ош шаарынан 5 адистен турган дарыгерлер тобу жардамга жөнөп кетти. Ошондой эле Бишкектен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев баштаган 9 дарыгер учак менен жөнөтүлөт», — дешти министрликтен.










