Бүгүн, 25-июлга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара кызматы 24-июлунда Баткендеги Дача тилкесинде эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында чек ара өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу өткөнүн билдирди.
Ага ылайык:
- Укук коргоо органдары тарабынан коюлган көзөмөл-өткөрүү пункттарын алып салуу
- Милиция менен Ак-Сай (Кыргызстан) — Ходжай-Аало айылы (Тажикстан) каттамы боюнча биргелешкен күзөттөрдү жүргүзүү
- Чек арага жакын аймактарда чек ара окуясына айланып кетиши мүмкүн болгон чыр-чатактарды болтурбоо боюнча чараларды көрүү макулдашылган.
«Анын ичинде тажик тарап кыргызстандык милиционердин унаасына келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр»,- деп айтылат маалыматта.