Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Түн тынч өттү
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Түн тынч өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Окуя катталган жок. Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде тараптар туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгууну аякташты; күч түзүмдөрүнүн бөлүмдөрү чек ара аймактарында биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүштү.
Чек ара кызматы Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.