Бүгүн, 14-сентябрь күнү Баткен районунун Булак-Башы жергесинде курал колдонуу менен эки мамлекеттин чек арачыларынын ортосунда чыр чатак катталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«Учурда эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү чыр-чатак чыккан убакыттан баштап байланышып, жолугуп окуя болгон жерде иш алып барууда. Ал эми эки облустун жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Ражаббой Ахмадзода телефон аркылуу абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүштү. Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча жаракат алгандар жок. Калган аймакта абал тынч»,— деп айтылат маалыматта.










