Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолукту

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Ага эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан. Жолугушуу кечээ, 2-майда Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында өттү.

Эки тараптуу жолугушууда чек арадагы акыркы кырдаал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, күнүмдүк турмуш тиричиликке байланыштуу орун алган маселелерди жеринде чечүү сүйлөшүлдү.

Ошондой эле:
— учкучсуз учуучу аппараттардын (ДРОН) учушу,
— сугат сууну пайдалануу,
— сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо,
— көпүрөөлөрдү, жолдорду оңдоо маселери каралып, бул маселелердин үстүндө иш алып баруу максатында тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, жеринде иш алып баруу тапшырмасы коюлду.

Эки тараптуу комиссия эртең, 4-майда Лейлек районунун Максат айылында жолугушуусу пландалган.