Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып жатат
УКМКнын чек ара отряды Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек ара отрядын аныкташкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, мамлекеттик чек аранын белгиленбеген тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлеген. Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары Кыргызстандын чек арачылары да курал колдонушкан.
Чек арачылардын ортосунда атышуу башталып, тажик тарап миномётторду колдонгон. Саат 09:30га карата ок маал-маалы менен атылып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Баткен чек ара отрядынын башчысы окуя болгон жерге жөнөп кеткен. УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгын жетектеген Кыялбек Төлөнбаев коңшу өлкөнүн Согду облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Хикматулло Пиракзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар жолугууну пландаштырып жатат.