Кыргыз-тажик чек арасында окуучулар мушташа кетишти

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучуларынын катышуусунда чыр чыкты. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Алдын ала маалымат боюнча, 23-сентябрда саат 13:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылындагы Ш.Гана атындагы орто мектебинин 4 окуучусу сабактан кийин мектептен чыгып үйүнө жөнөшкөн. Жолдо алар Тажикстандын Майский айылындагы мектеп окуучулары менен уруша кетишкен. Окуучулардын саны 30га жакын болгон. Баткендеги мектептин окуучулары токмоктолуп, Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын арасында Ш.Гана атындагы орто мектептин 8-классынын 4 окуучусу бар. 

Бул окуя боюнча Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчылары Алмаз Шагамурзаев менен Исфара районунун (Тажикстан) ички иштер бөлүмүнүн башчысы Анвар Рахманзода сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Ал эми тийиштүү органдар маалымат бир нече убакыттан кийин берилерин айтышты.