Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Кыргыз тарапта жабыркагандар жок

Кыргызстандын чек арачыларынын арасында жабыркагандар жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн эмес. Ошол эле учурда атышуу уланууда.

Буга чейин Чек ара кызматынан тажик тараптын чек арага жакын аймакка аскердик техникаларын тартып жатканын билдиришкен.