16-сентябрь саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасында тажик чек арачылары тарабынан ок атуу башталган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«Саат 07:20да Баткен районунун Кызыл-Бел айылында ок атышуу башталган. Учурда Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат. Алдын ала маалымат боюнча 4 аскер кызматкери жарадар болгон. Баткен районунун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери башталды. Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда», — деп айтылат маалыматта.
Ал арада УКМКнын Чек ара кызматынан видео менен бөлүшүп, ок атуу токтой электигин билдиришти.











