Abank
SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 18 адамга жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 18 адамга жетти
Саат 11:00гө карата чек арадагы атышууда жаракат алгандардын саны 18 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Алардын абалы жана диагнозу тууралуу маалыматты кийинчерээк беребиз. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана Тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар",- деп айтылат маалымма.