Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 31ге жетти
Саат 13:00гө карата Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу түштү. Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар",- дешти.