Abank
SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда Кыргызстандын 2 чек арачысы жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда Кыргызстандын 2 чек арачысы жаракат алды
14-сентябрда Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын кесепетинен УКМКнын Чек ара кызматынын 2 аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. "Минометтун снарядынын жарылышынан бир чек арачы жеңил жараат алган - минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды. Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда",- деп айтылат маалыматта.