Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. Жаракат алган аскер жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырылды

Бүгүн, 3-июнь күнү кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан жаракат алган аскерлердин абалы оор болууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган 2 аскер кызматкери Баткен облустук бириккен ооруканага жаткырылган. Алардын учурдагы абалы:

2001-жылы туулган аскердин диагнозу: Баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы, башынын арткы тарабында алган жаракаты, омурткаларынын сынышы, травматикалык шок. Абалы орто оор.

2000-жылы туулган аскердин диагнозу: Баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээнин контузиясы, ийин, моюн тарабындагы жаракаттар, моюн бөлүгүндөгү жат нерсе, травматикалык шок, гемморагикалык шок. Абалы оор, жасалма дем алдыруу аппаратына жаткырылды.

Жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бишкектен реаниматолог, кан тамыр хирургу, нейрохирург болуп жалпы 10 адис жөнөтүлөт.