Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу эки өлкөнүн район акимдери жолугушту

иллюстрация

Кечээ, 27-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходирзода жолукту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушууда эки тараптын милиция кызматкерлери буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттерди алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышкан.

“Чек арада жакын күндөрү болуп кеткен окуяларды талкуулап, жолдо бараткан унааларга таш ыргыткандарды биргелешип иликтөөнү макулдаштык. Айрыкча майрамдын алдында кандайдыр бир абалды курчутуу үчүн терс көрүнүштөр болуп кетпесин деп алдын алуу тууралуу сүйлөштүк. Ал үчүн эки райондун милиция кызматкерлери чогуу аракеттене турган болду”,- деди район акими.

Ош-Баткен-Исфана автожолунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстандын 3-4 жараны кыргызстандык унааларга таш ыргыткан. Ушундан кийин аймакта чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Учурда Баткен районунун аймагында абал тынч.