Бүгүн, 24-июлда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун төрагалыгы астында эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-отуруму болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө президент Жапаровдун 2023-жылдын 12-14-февралында Венгрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар 2023-жылдын аягына чейин жана 2024-жылы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын жетекчилигинин деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты.
Стратегиялык кеңештин отурумунун күн тартибине ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын тышкы иштер министрлери соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерине, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолушту. Тараптар өнүктүрүү фондунун алкагында өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнүн жана натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, кыргыз-венгер Ишкерлер кеңешинин иши каралды, бул форматтардын алкагында кезектеги жолугушууларды өткөрүү пландары белгиленди.
Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери аба каттамдары жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин карап, WizzAir венгер авиакомпаниясы 1-июндан тартып Абу-Даби–Бишкек–Абу-Даби багыты боюнча авиарейстерди ийгиликтүү баштаганын белгилешти. Тараптардын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери бул багыттагы ишти улантууну макулдашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколго.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Венгриянын Энергетика министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна.