85 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын тунгуч музыка таануучусу Балбай Алагушов катуу оорудан улам дүйнө салды. Ал ошондой эле эл агартуунун отличниги, Кыргыз радиосунун алтын казынасынын уюштуруучусу, кыргыздын залкар ырчыларынын, комузчуларынын, кыл кыякчыларынын аткаруусундагы ыр-күүлөрдү өздөрүнүн аткаруусунда тасмага жаздырып, алтын корду түптөөгө салымын кошкон. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. 1959-1965-жылдары алгачкы иш тажрыйбасын «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчылык кызматынан баштаган. 1965-1985-жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу секторунда илимий кызматкер болгон. 1985-1998-жылдары «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында бөлүм башчы болуп иштеген.
Балбай Алагушов 1997-жылдын 7-июнунан тартып “Азаттык үналгысы” аркылуу кыргыздын чыгаан композиторлорунун, акындарынын, ырчыларынын, күүчүлөрүнүн, комузчуларынын, кыякчыларынын өнөрүн элге таанытып, кыргыз улуттук көркөм музыкасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон. “Кыргыз музыкасы” энциклопедиясынын жана башка публицистикалык, көркөм илимий китептердин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.










