«Кыргызпатенттин» сайтында сойкулардын каталогуна шилтеме жайгаштырылышы. Кызматтык комиссия түзүлөт

Буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы «Кыргызпатенттин» сайтында сойкулардын каталогуна шилтеме жайгаштырылганын айтып чыккан. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги «Кыргызпатенттин» жетекчиси Рахат Керимбаева менен байланышканыбызда, сайтка чабуул болгонун айтты. «Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Чабуул болуптур. Биз ал шилтеменин канча убакыт турганы, качан сайт иштей баштарын кызматкерлер иш алып барган соң айта алабыз. Бул боюнча кызматтык комиссия түзүлөт. Учурда иштер жүрүп жатат»,- деди ал.