Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзийоева “Жаштар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө” конференциясына катышты.
Azertaj маалымат агенттиги кабарлагандай, иш-чара БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 29-сессиясынын алкагында өттү.