Кыргызстанда ички суу транспортун мыйзам жолу менен жөнгө салууну каалашат. Тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.
Негиздөө маалымдамасында белгиленгендей, акыркы жылдары суу транспорту менен экскурсия жана эс алуу боюнча туристтик кызматтар өнүгүп келе жатат. Бирок мыйзам долбоорунун негизги милдети — кемелердин жана эс алуучулардын коопсуздугу. Департамент мыйзамдын кабыл алынышы ички суу транспорту жаатында транспорттук иштер жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун андан ары өнүгүшүнө алып келет деп эсептейт.










