Израиль мамлекети менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин Израилге баруудан баш тартууну сунуштайт.
Израилдин аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына жогорку деңгээлде этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоо сунушталат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жарандар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот:
1. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;
2. Израилдеги Ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498;
3. ТИМ: + 996999312002.












