Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери Улукбек Марипов жана Аскар Маминовдун катышуусунда оңдоодон кийин “Ак-Жол” – “Кордай” көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн өкмөт башчылары оңдоо иштерин аткаруу менен таанышышты. Анда аталган бекетти модернизациялоодо жалпы 305 миллион сом кеткен.
«Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү бекети мурда суткасына 10 миң адамды жана 1,5 миң унааны өткөзө алса, эми жаңылангандан кийин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 3 эсеге көбөйүп, 35 миң адамга жана 5 миң унаа өткөрүп баштайт», — деп айтылат маалыматты.
Ошондой эле жаңы бекетте унаалар үчүн тилкелер 8ге чейин, ал эми паспорттук текшерүү кабиналары 18ден 52ге чейин көбөйгөн. Мындан тышкары, айдоочулар көзөмөлдөн өтүп, имаратка кирбеши үчүн кабиналар сыртынан дагы ачык болуп коюлган.










