Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жолукту. Сүйлөшүүдө эмнелер айтылды?

Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

ИИМдин жетекчиси белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эл аралык кызматташууга чоң маани берет. “Дүйнөнүн глобалдашуусунун шартында Кыргыз милициясы ар дайым кылмыштардын бардык түрлөрү — экстремизм, баңгизат жана кибер кылмыштар менен күрөшүүдө эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр жана анын негизги милдети эки өлкөнүн жарандарынын тынч, бакубат жана коопсуз жашоосуна көмөк көрсөтүү болуп саналат”, — деди Улан Ниязбеков.

Түркиянын ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз кезегинде, Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтер ортосундагы өз-ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирди.