Кыргызстан тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

Кыргызстан Тажикстандан келип окуган студенттер үчүн чек араны ачты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Жаңы Министрлер кабинетинин биринчи чечимдеринин бири — биздин университеттерде окуган тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачуу. Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү», — деп жазды ал. 

21-майдан тарта Тажик жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кирүүсүнө, чыгуусуна, өтүүсүнө жана транзит менен өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын Тажикстанга өткөрүүгө тыюу салынган. Чек ара эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн гана ачык болчу.