Кыргызстан Венгрияда өтүп жаткан гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
«Улуу курултайга Венгрия парламентинин вице-спикери Шандор Лежак, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түрк мамлекеттер уюмунун президенти Багдад Амреев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Венгриянын Туран ассоциациясынын президенти, Курултайдын негиздөөчүсү Андраш Жолт Биро катышты. Азамат Жаманкулов курултайдын расмий ачылышында сөз сүйлөп, ата-баба мурасынын маңызы болгон маданият майрамы менен куттуктады»,- деп айтылат маалыматта.
Курултайдын программасында “Атиланын боз үйүндө” көргөзмөнүн ачылышы; аренадагы демонстрациялар, илимий баяндоолор, көчмөндөр жүрүшү, концерттик программа, «Аскерлердин парады», салтанаттуу оюн-зооктор менен желектердин парады коштолду.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлиги, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер...
8-март күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо бетинен таштар кулап, унаа жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты....
Тышкы иштер министрлиги 8-мартта Катар мамлекетинен, анын ичинде Доха шаарындагы круиздик лайнерден чыгарылган 166 Кыргыз жараны мекенине ийгиликтүү кайтып келгендигин...
Эсептөө палатасы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2024-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити...