Өлкөдө бүгүн, 7-мартка карата 44 адамдан коронавирус аныкталды, 46 адам оорудан айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, илдетке чалдыккандар төмөнкү аймактарда катталган:
— Бишкек — 21;
— Ош — 2;
— Чүй облусу – 5;
— Нарын облусу — 4;
— Ысык-Көл облусу – 12.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
— Бишкек – 17;
— Чүй облусу – 14;
— Ош облусу – 4;
— Нарын облусу – 1;
— Ысык-Көл облусу – 8;
— Баткен облусу – 2.
Сутка ичинде оорудан каза тапкандар катталган жок.
Учурда 346 адам стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
- 3 адам — канааттандыраарлык абалда;
- 241 — орто оордукта;
- 88 — оор абалда;
- 14 — өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда – 261 бейтап бар.
Жалпысынан Кыргызстанда бул ооруну 86 550 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 83 530 адам айыгып чыкты. 1471 адам каза тапты.