Кыргызстанда алгачкы жолу кыздардын жетилүүсү тууралуу мобилдик тиркеме ишке кирди

Кыргызстанда биринчи жолу өспүрүм кыздардын жетилүүсү жана ден соолугу тууралуу «Oky» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди.

«Айкын багыт» фонду ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө өспүрүм кыздардын айыз циклине көз салуу жана аны башкаруу үчүн «Oky» [оки] мобилдик тиркемесин локалдаштырып, иштеп чыгышты. Азыркы учурда мобилдик тиркеме дүйнөнүн 13 өлкөсүндө иштеп жатат.

“Oky” – бул өзүнүн ден соолугун башкарууга багытталган жана ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын кыздары менен биргеликте түзүлгөн биринчи мобилдик тиркеме. Мобилдик тиркеме алгач ЮНИСЕФтин Азия-Тынч океандагы аймактык кеңсеси тарабынан иштелип чыккан жана ал кыздарга айыз циклин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

«Oky» тиркемеси — бул тыюу салууларды, стигматизацияны жок кылууга, айыз цикли жөнүндөгү уламыштарды жана туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгарууга жардам берген жана кыздардын репродуктивдүү ден соолугуна байланыштуу жетишсиз болгон сапаттуу маалыматтын боштугун толуктап турган инновациялык чечим. Бул тиркемени колдонгон кыздар үчүн ден соолугуна болгон тобокелдиктерди азайтууга жана суроолоруна ишенимдүү жооп алууга мүмкүндүк берет.

“ЮНИСЕФ буга чейин жетилип калган кыз балага айыз деген эмне экенин жөнөкөй, оңой жол менен үйрөнүүгө жардам берген Акылай жөнүндө аңгемени чыгарган. Учурда “Айкын багыт” фонду менен биргеликте “Oky” мобилдик тиркемесин ыңгайлаштырдык, ал кыздарды чочуткан коркунучтарды жана ушактарды жок кылууга жардам берет”, — дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм. 

“Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова тиркеменин артыкчылыктары жөнүндө айтып берди. Oky функциясы Android жана App Store түзүлүштөрүндө тиркеме түрүндө жеткиликтүү жана ал циклдин жеке календарын, кыздардын улуу эжеси менен сүйлөө турган чат ботту, ошондой эле кыздардын чоңоюусу тууралуу пайдалуу маалымат топтогон энциклопедияны камтыйт», — деди ал. 

«Oky» тиркемесинин негизги өзгөчөлүктөрүнө төмөнкүлөр кирет:

Oky тиркемесинде кыздарга арналган бир нече оюндар жана кызыктуу функциялар бар – кыздар тиркемени жекелештирип, өз аватарларын жана фонду тандай алышат жана репродуктивдүү ден соолук тууралуу викториналарга катыша алышат. Биздин өлкө боюнча мүмкүн болушунча көбүрөөк кыздарды тартуу үчүн тиркеме: