Кыргызстанда 13-июлга карата 39 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Жаңы катталгандардын арасынан 27си вирустун белгилери байкалып кайрылышкан. 2 жаран сырттан (АКШ, Казакстандан) келген жана 10 адамдан чет өлкөгө учууда ПЦР-тест тапшырганда аныкталган.








