Кыргызстанда Бокс академиясын куруп, эл аралык турнир өткөрүү пландалууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-декабрда Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды. Кыргызстанда боксту өнүктүрүүнүн жана өлкөдө эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти менен учурашып, анын иш сапары Кыргызстандагы бокстун өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишеним билдирди. Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде дене тарбия жана спортту, анын ичинде боксту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөдө жакшы бокс мектеби бар экенине, муну ири эл аралык мелдештерде жеңген жогорку пробадагы медалдар тастыктап жаткандыгына көңүл бурду.

Мындан тышкары Умар Кремлев Эл аралык бокс ассоциациясы Кыргызстанда бокс боюнча эл аралык турнирди жана чет элдик спортчулар үчүн машыгуу жыйындарын өткөрүү, ошондой эле республикада Бокс академиясын куруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын баса белгиледи.