Кыргызстанда доллардын баасы 95 сомго чыкты

Кыргызстанда долларды сатуу баасы 95 сомго чыкты, валютаны сатып алуу мүмкүн болбой калды.

Борбор калаанын акча алмаштыруучу жайларында доллардын сатуу курсу 95 сом жана андан да жогору көтөрүлүп, учурда валютаны сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Жарым күндүн ичинде доллар дээрлик 10 сомго кымбаттап кетти.

Евронун курсу да жарым күндө дээрлик 10 сомго кымбаттады. Азыр 105,5-106 сомдон сатылып, 106,5-108 сомдон сатылууда. Ал эми рубль курсу түшүп жатат.