Кыргызстанда гепатит В илдетине каршы эмдөө жүрүп жатат

Кыргызстандын бардык аймактарында вирустук гепатит В илдетине каршы эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Эмдөөнү 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар жашаган жери боюнча акысыз ала алышат. «В» гепатити – бул боорду жабыркатуучу жана цирроз, боордун рагы сыяктуу татаалдашууларга алып келиши мүмкүн болгон кеңири жайылган жана кооптуу жугуштуу оору.