Өлкөдө акыркы жылдарда илимдин изилдөө иштерине тагыраагы долбоордук-конструктордук жана технологиялык иштерге жана курулуш үчүн долбоордук иштерге, буюмдардын тажрыйбалык үлгүлөрүн даярдоо жана илимий-техникалык тейлөө бөлүмүнө көп акча жумшалган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы илимге бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү, башкача айтканда 483 миллион сому аталган илимдин изилдөө иштерине жумшалган. Ал эми жалпы илим тармагына 528 миллион сом жумшалган.









