Кыргызстанда жарандар эң көп кайсы жугуштуу эмес оорулардан өлөт? Министрликтин жообу

Дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда да адамдар эң көп жугуштуу эмес оорулардан каза болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанда жалпы өлүмдүн 80 пайызын жугуштуу эмес оорулардын кесепети түзөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда өлүмгө алып келген жугуштуу эмес оорулардын төрт тобу бар. Алар:

Жүрөк-кан тамыр оорулары;

Рак оорулары;

Кант диабети:

Дем алуу органдарынын оорулары.

Жугуштуу эмес ооруларга алып келген негизги факторлор:

Тамеки тартуу;

Спирттик ичимдик ичүү;

Туура эмес тамактануу;

Аз кыймылдоо;

Ашыкча салмак;

Экологиялык абал.

Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу ар бир адамдын өз колунда.