Кыргызстандын аймагында бүгүн, 11-апрелде саат 08:00дөн тарта Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоо тилкелеринин эшиги саат 20:00дө жабылды.
Ал эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери ошол жердин убактысы менен саат 08:00 — 20:00 аралыгында ачык болот.
Референдум өттү деп тааныш үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын 30 пайызынан көбү референдумда добуш бериши керек.
- Бүгүн 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттары шайланды.
- 28 шаардык кеңеште 796 депутат шайланат.
Шаардык кеңештерге талапкерлерин көрсөткөн партиялардын саны:
- Бишкек шаарында 25;
- Ош облусунда
— Ош шаарында 9;
— Ноокат шаарында 5;
— Өзгөн шаарында 7.
- Жалал-Абад облусу
— Жалал-Абад шаарында 5;
— Кербен шаарында 5;
— Көк-Жаңгак шаарында 3;
— Майлуу-Суу шаарында 5;
— Кочкор-Ата шаарында 5;
— Кара-Көл шаарында 7;
— Базар-Коргон шаарында 5.
- Баткен облусунда
— Баткен шаарында 9;
— Кызыл-Кыя шаарында 12;
— Сүлүктү шаарында 7;
— Кадамжай шаарында 11;
— Айдаркен шаарында 8;
— Исфана шаарында 9.
- Талас облусунда
— Талас шаарында 11.
- Нарын облусунда
— Нарын шаарында 9.
- Ысык-Көл облусунда
— Каракол шаарында 17;
— Балыкчы шаарында 14;
— Чолпон-Ата шаарында 7.
- Чүй облусунда
— Кемин шаарында 9;
— Орловка шаарында 5;
— Шопоков шаарында 7;
— Кайыңды шаарында 6;
— Кант шаарында 10;
-Токмок шаарында 5.