Кыргызстанда жоогазындын жаңы түрү аныкталып, коргоого алынды (сүрөт)

Изилдөөчүлөрдүн Кыргызстанга болгон экспедиция учурунда жоогазындын жаңы жана адаттан тыш түрү табылды. Кембридж университетинин лабораториясында ДНК-анализи анын такыр башка экенин көрсөткөн. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды

Tulipa toktogulica деп аталган жоогазындын жаңы түрү университеттин ботаникалык бакчасынын, фауна жана флора окумуштуулары жана жергиликтүү топтор тарабынан Токтогул районундагы тоолордон табылган. Кембридждин аспиранты, ботаник Бретт Уилсон экспедициядагы ачылыш абдан кызыктуу болгонун айтты. Ал сырткы желекчелеринде кызыл тамыры бар ачык сары гүлү бар жапайы жоогазындын башка түрлөргө окшош экенин да билдирген. 

Топту Кембридж университетинин Ботаникалык бакчасынын куратору Сэм Брокингтон, Fauna and Flora International уюмунун өкүлү Дэвид Гилл жана Борбор Азиялык жоогазын боюнча эксперттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистери жетектеген. Tulipa toktogulica коргоо статусун алды жана эми аны Ботаникалык бакчадагы үрөндөрдөн көбөйтүү аракети көрүлөт, бул бир нече жылга созулушу мүмкүн.