Кыргызстанда 2022-жылдын январь айынан бери тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 12,5 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 11,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 5,1 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,8 пайызга кымбаттаган. Керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы бардык аймактарда байкалууда.