Кыргызстанга катаал чектөөлөрдү же карантин киргизүү маселеси эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 18-марттагы маалымат жыйында билдирди.
«Эгерде коронавирус жуктурган адамдардын саны көбөйсө жана башка адамдарга дагы коронавирус жугуу коркунучу жаралса, албетте убактылуу чектөөлөрдү киргизүүгө туура келет. Өткөн жылы киргизилген биринчи чектөөлөр азырынча алына элек. Өзгөчө кырдаал режими алынган эмес», — деди Үсөнбаев.
Ал мисал катары бардык окуучуларга мектепте окууга уруксат берилбегенин айтты. «Ар бир шаарда, аймакта комиссия бар, алар эпидемиологиялык абалга жараша чечим кабыл алышат. Өлкө боюнча катаал чектөөлөр киргизилет деп күтпөш керек. Ар бир шаар, аймак өзү чечет», — деди ал.
Ал жарандарды бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоого чакырды.










