Кыргызстанда кайсы жолдорго акы төлөнүшү мүмкүн? Министрликтин жообу

Кыргызстандын Чүй облусундагы айланма жолуна акы төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында транспорт министринин орун басары Уланбек Калмамбетов билдирди.

Анын айтымында, айланма жол реконструкцияланат. «Кайра курууга 150 миллион доллар керектелет. “Дордой” базарынын аймагында узун тыгындар бар экенин билесиңер, ал жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз. Айланма жол ыңгайлуу жана эл аралык стандарттарга жооп берет», — деди ал. 

Уланбек Калмамбетов белгилегендей, Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолго да акы төлөнөт. «Түндүк-түштүк жолунун туннели жана эстакадалык көпүрөсүнө дагы төлөнөт», — деди ал. Буга чейин Транспорт министрлиги альтернативалык Бишкек — Кара-Балта — Чалдовар жолу да акылуу болорун билдирген.