Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы аягына чыкты. Учурда COVID-19га каршы эмдөөнүн экинчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
“Кыргызстанда биринчи дозага бөлүнгөн вакциналар толук түрдө берилип бүтүп, учурда COVID-19га каршы вакцинанын экинчи дозасы берилип жатат. “Синофарм” вакцинасы менен 37 миң адам эмдөөнүн экинчи бөлүгүн алды. Эмдөөлөр Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек шаарында жүрүүдө”— деп билдирди Ишенапысова.
Ошондой эле, иммунопрофилактика борборунун директорунун айтымында, биринчи дозаны ала элек жарандарды вируска каршы эмдөө июль айына пландаштырылууда.
Борбор калаада эмдөө жайларынын тизмеси:
— Биринчи май районундагы №14, №16 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Ленин районундагы №2, №17 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Свердлов районундагы №4, №8, №9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Октябрь районундагы №15, №19 үй-бүлөлүк медицина борбору.
Ошондой эле Калыс-Ордо, Учкун, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Босого конуштарындагы дарыгерлер амбулаторияларында эмдөө жүргүзүүлүүдө.
Орусиядан келген “Спутник V” вакцинасынын экинчи дозасын саюу төмөнкү жерлерде жүрүүдө;
— Октябрь райондук Үй-бүлөлүк бириккен дарыгерлер борбору;
— Ленин районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Биринчи май районундагы №7 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Свердлов районундагы №8 үй-бүлөлүк медицина борбору.
Мындан сырткары, 19-марттан тарта саат 15:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаардык студенттик бейтапканасында, №8, №14, №18 үй-бүлөлүк медицина борборунда кечки эмдөө жүрүүдө.










