Кыргызстанда күйөөсүнөн физикалык зомбулукка кабылган аялга жардам берүүнүн бир нече жолу бар. Тез жардам жана кеңеш ала турган 112 ишеним телефондору бар. Бул тууралуу маалыматты Юстиция министрлигинен билдиришти.
Милицияга кабарлоо:
Өмүргө жана ден-соолукка дароо коркунуч жаралган учурда 102 телефону боюнча милицияга кабарлаңыз. Милиция арызды кабыл алууга жана жабырлануучуну коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Кризистик борборлор жана баш калкалоочу жайларга кайрылыңыз:
Кыргызстанда зомбулукка кабылган аялдар үчүн кризистик борборлор жана баш калкалоочу жайлар бар. Аларга убактылуу баш калкалоочу жай, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүлөт. Республика боюнча кризистик борборлордун тизмеси видеонун астында, комментарий жакта белгиленет.
Юридикалык жардам:
Сиздин укуктарыңыз менен кызыкчылыктарыңызды коргоо үчүн Юридикалык жардам кызматына юридикалык кеңеш алуу учун кайрылсаныздар болот. Адвокаттар милицияга арыз түзүүгө жардам бере алышат, ошондой эле сотто жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргой алышат.
Эгер сиз же сиз билген бирөө жардамга муктаж болсо, жогоруда саналып өткөн уюмдар жана кызматтар менен байланышуудан тартынбаңыз. Жардам бар экенин жана жабырлануучулар коргоого жана колдоого укуктуу экенин эстен чыгарбоо маанилүү.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...
"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...
Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....