Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат

Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Министрлер кабинетинин 1-августундагы токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленгендигин билдирет. Ошентип, жалпы билим берүүчү уюмдарда, башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат»,- деп айтылат маалыматта.