Кыргызстанда полиомиелитке каршы өнөктүк 19-апрелде башталат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча медицина кызматкерлери үчүн окуу семинарлары өткөрүлгөн. «Эмдөөдөн өтпөгөн бир дагы адам калбашы үчүн, Баткен боюнча мобилдик бригадалар иштей баштады” ,- деди ал.
Буга чейин ДССУ Тажикстанда полиомиелит оорусунун козголгонун билдирген эле. Кыргызстанда абал туруктуу.
Полиомиелит — инфекциялык оору, вирустар аркылуу жугат. Балдардын нерв системасын жабыркатып, шал оорусуна алып келет.