Кыргызстанда психикалык оорулар менен ооругандар көбөйүп бара жатат

Shadowy figure trapped behind glass

Кыргызстанда психикалык оорулар күч алууда. Жаштар арасында оор психикалык бузулуулар барган сайын көбөйүүдө. 

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө стационардык көзөмөлдө 54 миң 453 адам каттоодо турат. Бирок бул расмий гана сандар жана калктын психикалык саламаттыгынын толук картинасын чагылдырбайт.

Коронавирустук пандемия, куралдуу кагылышуулар, экономикалык каатчылык неврологиялык оорулардын көбөйүшүнө, тынчсыздануу жана паникага алып келди. Ар кандай стресс фактору — терс маалыматтын ашыкча көп болушу, айлана-чөйрө, коомдук-саясий кырдаал — бардыгы адамга таасир этет, психиканын туура эмес ыңгайлашуусуна жана кандайдыр бир бузулууга алып келиши мүмкүн.