Кыргызстанда Орто Азия боюнча 15-Эл аралык медициналык көргөзмө өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 30-мартта, эл аралык адистештирилген «MedExpo Kyrgyzstan 2021» жана «Dental-Expo Kyrgyzstan 2021» көргөзмөлөрүн бир аянтчага бириктирген «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо жумалыгы» аттуу 15-Эл аралык конгресстик көргөзмө форумунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык адистештирилген «MedExpo Kyrgyzstan» көргөзмөсү Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн катарына кирет. Быйыл биргелешкен көргөзмөгө 11 мамлекеттен 70тен ашуун компаниялар катышты.
Анда медицина жана стоматология жаатында Өзбекстандын 10дон ашык өндүрүүчүлөрүнүн жана дистрибьюторлорунун жамааттык экспозициясы көрсөтүлүүдө. Көргөзмөнүн катышуучуларынын географиясын 120 ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болгон кыргыз компанияларынын катышуусу толуктайт.
«Көргөзмөнүн алкагында КЫРГЫЗСТАНДА ЖАСАЛГАН медициналык жабдуулардын, медицина багытындагы буюмдардын жана фармацевтикалык продукциялардын презентациясы өтүүдө. Ошондой эле форумдун алкагында тамактануу, диетология жана реанимация жаатындагы Кыргызстандын алдыңкы адистеринин жана Өзбекстан Республикасынын эксперттеринин стоматология жана эндодонтика жаатындагы адистеринин семинарлары өтөт»,- деп айтылат маалыматта.










