Кыргызстанда өткөн аптага салыштырмалуу сасык тумоого чалдыгуу 11,7%га азайып, 37 миң 629 учур катталган. Ооругандардын 72,2%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
“Аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда”, — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин өлкө боюнча жалпысынан 526 мектеп КРВИ жана гриппке байланыштуу онлайнга өткөрүлдү. Мындан сырткары, инкубациялык мезгилге байланыштуу 403 бала бакча убактылуу жабылды.








