Кыргызстанда коронавирустун ар кандай түрлөрү катталган: 60% — британ штаммы, 39% — Орусия штаммы жана Индия, Түштүк Африка штаммдары да кездешүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Динагүл Оторбаева билдирди.
Ал өткөн жылы коронавирустун эки толкуну болуп өткөндүгүн айтты. Биринчи толкун 2020-жылдын июль айында болгон. Экинчи толкуну октябрь, ноябрь айларында болгон. Үчүнчү толкуну ушул жылдын апрель айында башталган жана учурда дагы уланып жатат. “Биринчи толкун — оорулуулардын саны абдан көп болгон. Эң жогорку чеги 1600дөн ашты, бул расмий статистика. Экинчи толкун аздыр-көптүр туруктуу. Анда эң жогорку чек 600дөн ашты”, — деди ал.
Оторбаева коронавирустун өсүшү жарандардын массалык иш-чараларга катышуусу, коомдук транспортто жүрүшү жана бет кап кийгендердин аздыгы менен байланыштуу экендигин белгиледи.