Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында 6 айлык мөөнөт менен буудай унун жана буудайды убактылуу ташып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, токтом 22-сентябрда кабыл алынган.