Кыргызстанга дары-дармектин 40 пайызы аткезчилик жолу менен алып келинери айтылды

Кыргызстанга дары-дармектин 40 пайызы аткезчилик жолу менен алып келинет. Бул тууралуу Фармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов жыйын учурунда билдирди.

«Өлкөдө фармакологияга тиешеси жок адамдар да препараттарды ташып келет. Ал, албетте, кооптуу. Айрым препараттарды ташууда жана сактоодо атайын температуралык абал керектелет. Аларды атайын муздаткычы бар камераларда ташуу керек болот. Эгер дары-дармекти ташуудагы эреже сакталбаса, препараттын курамы бузулуп кетет. Жок дегенде, алардын таасири болбой, пациентке дарылануусуна эч кандай жардам бербейт», — деп билдирди Асанов. 

Ошондой эле союздун төрага ири базарларда азырга чейин аткезчилик жолу менен алып келинген дары-дармектерди сатылып келерин кошумчалады.