«Кыргызстандай кооз жерди көргөн жокмун». Мекенимди сагындым деген жарандын ыр саптары элдин көңүлүн бурду (видео)

Социалдык тармактарга Кыргызстан тууралуу ыр саптарын жатка айткан кишинин видеосу тарады. Видеодо ал Кыргызстанда төрөлүп-өскөнүн, мындай кооз жерди эч кайсы жактан көрбөгөнүн жана мекенине куса болуп жүргөнүн айткан.

Кыргызстандын кооздугун даңазалаган мырзанын видеосу коомчулукта жылуу кабыл алынып, ыр саптары алкоого алынууда.